7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми илбирс аткандарга 2 млн сом айып пул салынат

329

Кыргызстанда жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга каршы ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.

Тартип бузуулардын алдын алуу максатында министрликтин инспекторлору тарабынан үзгүлтүксүз рейддер жана күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Өлкөнүн Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз аткандар үчүн төмөнкүдөй айып пулдар белгиленген:

  • илбирс аткандар үчүн — 2 миллион сом;
  • аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен үчүн — 1 миллион 500 миң сом;
  • кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн үчүн — 50 миң сом.

 Мыйзамсыз аңчылык фактыларына күбө болгондор министрликтин 108 түз байланыш номерине купуя түрдө ыкчам маалымат бере алышат.

330