7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты

248

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Ош облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаар чөйрөсүн модернизациялоого багытталган негизги инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор тааныштырылды.

Анын ичинде аянты 22 миң чарчы метрден ашык жана 5200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу спорттук арена бар.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилегендей, аянт жаштар үчүн спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайга айланат.

Мындан тышкары, туристтерге жана кол өнөрчүлөргө багытталган этно-тарыхый комплексти куруу пландалууда. Анын аймагында парк жана тарыхый-маданий зоналар, соода аянтчалары жайгашат.

Ошондой эле эл аралык франшизалар боюнча иштеген мейманканаларды жана мектептердин филиалдарын куруу иштерин баштоо пландалууда.

Ош шаарынын мэри бул долбоорлор заманбап жана инвестициялык жактан жагымдуу имидж түзүп, шаардын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн өзгөртөрүн баса белгиледи.

Сунушталган долбоорлор менен таанышып чыккандан соң, Президент Садыр Жапаров аткарылып жаткан иштердин сапатына жана тартылган инвестицияларды натыйжалуу пайдаланууга артыкчылыктуу көңүл бурууну тапшырды.

 

249