7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны өттү

581

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КРнын министрлер кабинетинин төрагасына караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын курамына илим, экономика жана инновациялар тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

Жолугушууда атамекендик илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери жана механизмдери, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга мүмкүн болгон кадамдар боюнча маалымат угулду.

Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле илим чөйрөсүндөгү көйгөйлүү аспектилерди да талкуулап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө атамекендик илимдин салымы жетишсиз экендигин белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында кеңештин мүчөлөрү тарабынан илимди өнүктүрүүгө болгон мамилени жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү чечим долбоору түзүлдү.

Мындан тышкары, жакынкы арада министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582