7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илон Маск Голливудда Tesla Diner тез тамактануучу жайын ачты

314

Америкалык миллиардер Илон Маск Лос-Анджелестин Голливуд аймагында Tesla Diner тез тамактануучу жайын ачты. Бул жайда адамдар тамактангандан сырткары унааларын кубаттап, ошол эле маалда кино көрө алышат.

Маалыматка ылайык, аталган жай ретро жана футуристикалык стилде жасалган. Анда 80 даана Supercharger унаа кубаттагычы, 250 орундуу отургучтар, чатырдагы терраса жана чоң кино экрандары бар.

Кардарлар бургер, хот-дог сыяктуу тез татымдарды жеп, буйрутманы унаадан түшпөй эле Tesla Diner тиркемеси аркылуу бере алышат. Каалоочуларга Tesla Optimus роботу өз колу менен поп-корн салып берет.

Маск эгер долбоор ийгиликке жетсе, мындай жайларды дүйнөнүн ири шаарларына да ачарын белгилеген.

315