7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илон Маск Садыр Жапаровдун бейөкмөт уюмдар тууралуу айткан сөздөрүн тастыктадыбы?

484

Президент Садыр Жапаров буга чейин бир нече жолу айтканы бар: айрым бейөкмөт уюмдар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо деген ураандарды бетине кармап алып, иш жүзүндө ички саясий процесстерге кийлигишип, иштеп жаткан өлкөлөрүндө саясий күн тартибин аныктоого аракет кылышат. Бул билдирүүлөр эл аралык деңгээлде да ырасталып жаткандай көрүнөт.

Жакында Илон Маск өзүнүн социалдык тармагында Visegrád 24 маалымат агенттигинин бир публикациясын бөлүштү. Анда миллиардерлер Жорж Сорос жана Билл Гейтс көп жылдар бою Европадагы саясатка жана шайлоолорго таасир этүү үчүн чоң суммадагы каражат жумшаганы айтылган.

Илон Маск бул маалыматка кыска жана так жооп берип, «True» («Чындык») деп жазды.

Белгилей кетүүчү нерсе, Илон Маск Дональд Трамптын колдоочусу жана жакын союздашы катары белгилүү. Анын бул билдирүүсүн Садыр Жапаровдун буга чейинки сөздөрүн эл аралык деңгээлде тастыктоо катары кабыл алса болот.

 

485