КМШ Эмгек сиңирген энергетиги, КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Ильяс Давыдовду акыркы сапарга узатылды.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Энергетика министрлигинде өтүп, ага энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков, Мирлан Жакыпов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, энергетика министрлигинин жана энергокомпаниянын өкүлдөрү, туугандары катышты.
Анда Давыдовдун энергетика тармыгынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу жылуу пикирлер айтылып, анын эмгектери кыргыз элинин, өзгөчө энергетиктердин эсинде түбөлүк сактала турганы баса белгиленди.
55 жылдан ашык эмгеги үчүн И.А. Давыдов Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Эскерте кетсек, Ильяс Давыдов ушул жылдын 4-мартында 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.