7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Имам: «Күйөөсү бар аялдар түрк актёрлорунун сүрөттөрүн көтөрүп жүргөнү уят!»

1142

Өзбекстанда чет элдик сериалдарды көрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, демилгени Ташкенттин Юнусабад районундагы мечиттердин имамдары көтөрүшкөн. Алар телеканалдардан «моралдык жактан жергиликтүү менталитетке туура келбеген» сериалдар менен кинотасмаларды көрсөтүүнү токтотууну сунушташты.

Имамдар бул сунушун жаш түгөйлөрдүн ажырашуусуна арналган жолугушуу учурунда айтышкан. Район башчысы Жахонгир Ибрагимов катышкан иш-чаранын жүрүшүндө алар никеге туруп жаткан жаштарга үч айлык сабактарды өткөрүүгө даяр экендиктерин айтып, мектеп программасында өзүнчө сабак катары үй-бүлөлүк концепцияларды окутууну сунушташкан.

Белгилей кетсек, бул Өзбекстанда чет өлкөлүк сериалдарды көрсөтүүнү токтотуу боюнча алгачкы чакырык эмес. Сериалдардын катарында түрк сериалдары дагы бар экени айтылат.

«Аялдар менен кыздар түрк сериалдарындагы келишимдүү жигиттерди ойлоп жүрүшөт. Социалдык түйүндөрдө тиги же бул актерду түш көргөнүн жазган кыздар көп. Күйөөсү бар аялдар түрк актерлорунун сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшөт. Бул кумсалардын төрөлүшүнө алып келет. Анткени аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлөт. Ошондой эле эгер эркек башка аялды элестетсе, лесбиянкалар төрөлөт», — деген 2018-жылы Ташкенттеги «Мирза Юсуф» мечитинин имамы Рахматуллох Сайфутдинов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1143