7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иманалиев: Мектеп директорлорунун кармалышы билим берүү тутумуна доо кетирди

255

Мектеп директорлорунун коррупциялык көрүнүштөргө аралашып, кармалышы бүтүндөй билим берүү тутумуна доо кетирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев «балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу кепилдиги» боюнча кеңешмеде билдирди.

“Мектеп директорлору улуттун келечеги саналган бүтүндөй муунду тарбиялап жаткан эмгек жамаатын жетектеп, лидер болгон соң, аларга карата талаптар өзгөчө болот. Директорлордун коррупциялык көрүнүштөргө аралашып, кармалышы бүтүндөй билим берүү тутумуна доо кетирди. Биз бүгүн мындай фактыларга кескин бөгөт коюу иретинде чогулуп отурабыз. Айрым мектептер “үй-бүлөлүк вотчинага” айланып, жакын туугандары иш процессине аралашкан фактылар аныкталууда, мындан ары буга катуу чаралар көрүлөт, — деп кошумчалады ал.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана башка тийиштүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан бир жуманын ичинде Бишкекте мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн 4 мектеп директору кармалгандыгы кабарланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

256