7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент мындан ары да Баткенге өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи

283

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.

Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.

Ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.

Мындан тышкары президенттин жарлыгынын алкагында Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө өрттөнгөн үйлөр толугу менен калыбына келтирилген, бул айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы ж. б. салынган. Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, машинасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн.

Маалыматты алгандан кийин, президент Садыр Жапаров мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстардын көлөмү улуттук максаттарды жана милдеттерди аткарууга багытталууда.

Ал аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды, ошол эле учурда бардык долбоорлор кечиктирилбестен өз убагында ишке ашырылышы керек.

Жапаров Баткен облусунун курч маселелерин чечүү жана облусту өнүктүрүү — учурдагы күн тартибиндеги приоритеттердин бири экендигин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

284