7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кападокиядагы күз. Шар менен асманга саякат

560

Кападокия Түркияга келген дүйнөлүк  саякатчылардын тизмесинин сап башында турат десек жаңылышпайбыз. Уникалдуу аска түзүлүштөрү, ондогон метрлик туннелдери бар укмуштуудай жер астындагы шаарлар, аскага оюлуп жасалган үйлөр, чиркөөлөр, монастырлар, өзгөчө аба шарларынын тажрыйбалары жана фантастикалык үңкүр мейманканалары бул  аймактын өзгөчөлүгү десек болот. Күз айлары келгенде температура орточо  деңгээлге түшүп, табият күрөң түскө боёлот жана Кападокия конокторун жогорку денгээлде тосуп ала баштайт. Күздүн жылуулугунан ырахат ала турган Кападокиядагы өзгөчөлүктөрдүн тизмесин карап көрүңүз.

Шар менен асманга саякат

Кападокия менен интеграцияланган иш-чаралар ар дайым түстүү аба шарында асманды аралып учууну камтыйт.

Таң эрте асманга көтөрүлгөн түстүү аба шарлары 800 метр бийиктиктен дүйнөгө белгилүү Пери моруларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул асман сапары сүрөткө жана видеого түшүүнү жакшы көргөндөр үчүн сонун мүмкүнчүлүк тартуулайт.

Күзүндө Пери морулары

Миңдеген жылдар бою пайда болгон Пери морулары, Кападокия дегенде эң биринчи ойго келген кереметтердин бири. Миллиондогон жылдар бою жамгыр жана шамал азыркы кездеги Пери моруларын түзгөн Эржиес, Хасандаг жана Гүллүдаг сыяктуу бир нече вулкандар тарабынан атылып чыккан лава жана күлдөн пайда болгон жумшак катмарларды калыптандырган. Бул аймактагы эң сонун пейзажды зыярат кылуу жана андан ырахат алуу үчүн сентябрь жана октябрь айлары ыңгайлуу болуп саналат. Кападокия күз айларында мээлүүн  аба ырайы менен саякатыңызды эстен кеткис кылаарына күмөн жок.

Кереметтүү жер асты шаарлары

1985-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөреме ачык асман музейи аймактын эң маанилүү жерлеринин бири. Гөреме аскаларга оюлуп жасалган жана эң урматтуу олуялардан шыктанган фрескалар менен кооздолгон алгачкы христиан доорундагы монастырлары жана чиркөөлөрү менен өзгөчөлөнөт. Жер астындагы шаарлар Кападокиянын эң көрүнүктүү жерлеринин бири болуп саналат, бул конокторго бир эле учурда аймактын байыркы элинин жаратылышынын, тарыхынын жана архитектуралык чеберлеринин сыйкырын сезүүгө мүмкүндүк берет. Бул жер астындагы шаарлар, анын ичинде Каймаклы, Деринкую, Өзконак жана Мазы туф таштарга оюлуп, алардын бардыгында он миңдеген адамдарды кабыл ала турган бөлмөлөр, залдар, жертөлөлөр, азык-түлүк кампалары, ашканалар, сарайлар, желдетүү аянттары жана храмдар болгон.

Аймактагы дагы башка көрүнүктүү жерлердин катарында дүйнөдөгү көп кабаттуу конуштардын бири болгон Ортохисар сепили, Төө сымал пери морулары менен белгилүү болгон Деврент өрөөнү, Ата-эне жана бала деп аталган үч жанаша пери морудан түзүлгөн Үч сулуу да бар. Белгилей кетсек, Пери моруларынын эң атактуусу катары таанымал болгон Пашабагы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Туризм Уюму (UNWTO) тарабынан дүйнөнүн эң мыкты туризм айылдарынын бири болуп тандалган Мустафапаша да, көрүлүүсү керек болгон жерлердин катарында турат.

Cave мейманканаларындагы люкс тажрыйбалар

Кападокиядагы люкс үңкүр мейманканалары аймактын укмуштуудай пейзажы менен айкалышып, конокторго болуп көрбөгөндөй жагымдуу тажрыйбаны тартуулайт. Заманбап комфорт менен мейманканаларга айландырылган бул үңкүр мейманканалар мистикалык дизайнга жана эс алуучу атмосферага ээ. Сиз бул жерде батып жаткан күндүн кооз көрүнүшүнөн ырахат алып, бир стакан жергиликтүү шараптарды ичүү менен салкын мезгилдин ырахатын көрө аласыз. Ошондой эле, эс алуу күнүңүздү таш менен курчалган ачык бассейндерде сүзүү менен баштап, курортто эс алуучу массаж менен аяктасаңыз болот.

Терең тамыры бар шарап жасоо салты

Миңдеген жылдардан бери келе жаткан шарап салты бар Кападокиянын аймагын кыдырып, ал жердин   даамдуу шараптарын татып көрүңүз.  Шараптын өзгөчө даамы Анадолунун Өкүзгөзү, Калежик Карасы, Богазкере, Наринже жана Эмир сыяктуу атактуу жүзүмдөрүнөн даярдалган. Кападокияга болгон сапарыңызда сөзсүз ачык шарап заводдорун кыдыруу менен, белгилүү шарапчылар уюштурган дегустация иш-чараларына да катышыңыз.

Жергиликтүү даамдар

Укмуштуудай географиянын мекени болгон Кападокия даамдуу ашканалары менен да өзгөчөлөнөт. Карапачылыгы менен белгилүү болгон Кападокиянын уникалдуу тамагы чопо идиш кебабы (testi kebabı). Ал салттуу чопо мештерде эт, жашылча жана жасмык жабылган чопо идиште жай бышырылат. Башка жергиликтүү даамдардын арасында Невшехир мантысы, аймактын жүзүмүнөн жасалган жүзүм ширеси,  көфтүр-түрк локуму, органикалык бал менен берилүүчү кургатылган каймак жана сары май кошулган Тереягли ун халвасы да сиздин табитиңизди ачат…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561