«Империя пицца» кафесиндеги уулануу боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундушев билдирди.
Маалыматка ылайык, Ролл-суши даяр азыктарынан сальмонелла табылган. Алдын ала маалымат боюнча балык (лосось) сальмонелла менен ооруган.
“Кафе тармагында бир жеткирүүчү болгон. Балким, балыктын ташылышы дагы ушундай болгондур. Азыр “Империя пицца” кафе тармактарында бардык жагдай аныкталганга чейин япон ашканасын даярдашпайт”, — деди Кундушев.
Эскерте кетсек, аталган кафеде массалык уулануу болуп, ооруканага кайрылгандардын саны 318 адамга жеткен.