Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин койгон 321 талапкер катталып, анын ичинде 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкүлөр арыз беришти:
- Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округунан талапкер;
- Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округунан талапкер;
- Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округунан талапкер;
- Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер;
- Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округунан талапкер;
- Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округунан талапкер;
- Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округунан талапкер;
- Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округунан талапкер;
- Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округунан талапкер.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-ноябрына карата 312 талапкер шайлоого катышат.