7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Империя пиццыдан” уулангандардын саны 118ге жетти, анын 13ү балдар

1019

Бишкекте “Империя пиццы” кафе тармактарынан тамактангандан кийин ууланып, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасына 98 адам, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 адам, Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 5 адам кайрылган.

«Алардын ичинен стационарларда Темир жол ооруканасында 10 адам, Шаардык балдар ооруканасында 13 бала дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар шаардын ар кайсы пунктарында жайгашкан «Империя пиццы» кафе тармактарында тамактанышканы аныкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1020