Зерзеван сепили Диярбакыр менен Мардиндин ортосундагы Чынар районунун Демирөлчек кварталынын чегинде жайгашкан тарыхый имарат жана аскердик отурукташуу жайы.
Рим империясынын тушунда чек ара гарнизону катары колдонулган. Диярбакырдагы эң маанилүү сепил 2020-жылы Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген. Ал Диярбакыр-Мардин автожолунун кырк бешинчи километринде, жолдон 124 метр бийиктикте таштак дөбөдө жайгашкан. Сепилде 2014-жылы башталган казуу иштеринин натыйжасында бийиктиги 12 метр, узундугу 1200 метр шаар дубалынын урандылары, табылган. Анын ичинен 22 метр бийиктиктеги кароол мунарасы, чиркөө, аска мүрзөлөрү , мончолор орун алып, дан жана курал кампалары ал менен бирге 54 суу сактагыч табылган. Ушундай бай тарыхка ээ болгон сепил бүгүнкү күндө туристтердин агылып барган жерине айланган. 2017-жылы табылган Митра храмы бүгүнкү күндө сепилдин эң кызыктуу түзүлүшү катары белгилүү.
Кайсы жылы курулгандыгы тууралуу так болбосо да, айрым тарыхый маалыматтарда бул сепилдин Ассирия доорунан бери бар экендиги айтылат. Ошондой эле Бул сепил Перс доорунда да колдонулган деген божомолдор бар.
Зерзеван сепилинин байыркы аты, Самачи. Учурдагы архитектуралык урандылар жана казуулар учурунда алынган табылгалар бул аймактын б.з.ч. 3-кылымда колдонулган; 639-жылы Ислам кошуундары келгенге чейин эле маанилүү сепил катары кызмат кылган.
Сепилдеги конуш сууга бай өрөөнгө отурукташып, дыйканчылык менен алектенген адамдар баш калкалоочу жай болгондуктан, жоокерлер гана эмес, карапайым калк жашаган жер болгон деген да божомолдор бар. Бүткүл өрөөнгө караган байыркы соода жолунда стратегиялык Рим чек ара гарнизону катары ал көптөгөн рим-сасанилердин күрөшүнө күбө болгон. Ислам аскерлери тарабынан каратылгандан кийин Зерзеван жайгашкан аймак өзүнүн геосаясий маанисин жоготкон. Сепилде отурукташкан үй-бүлөлөр суу тартыштыгы жана транспорт кыйынчылыгы сыяктуу себептерден улам 1967-жылы 30 кожолуктан турган топ сепилден түшүп, бир километр алыстыкта Зерзеван айылы (бүгүнкү аты Демирөлчек) деп аталган жаңы айылды негиздешкен.
Сепилдин казуу иштери алгач 2014-жылы Маданият жана туризм министрлиги, Маданий мурастар жана музейлер башкы директорлугунун уруксаты менен башталган. Конуштагы казууларда табылган байкоочу-коргоо мунарасы, шаар дубалдары, Митрей, жер астындагы баш калкалоочу жай, чиркөө, аскердик-жарандык турак-жайлар, жер астындагы сыйынуу жайы, курмандык чалынуучу жайлар, аска мүрзөлөрү жана суу каналдары сыяктуу курулуштар улуттук жана эл аралык кызыгууну туудуруп, туристтер баруучу жайга айланган.
Ушундай маанилүү бай тарыхка ээ болгон Түркиянын Диярбакыр шаарында жайгашкан Зерзеван сепили ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.