Индияда туристтер бар кайык оодарылып кетип, каза болгон адамдардын саны 21ге жетти. Бул тууралуу Tass.ru басылмасы жазып чыкты.
Окуя 7-майда Танур шаарында болуп, анда эки кабаттуу кайыкта 35-40 жүргүнчүлөр жана жаш балдар болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кайыктагы адамдардын так саны белгисиз. «Азырынча биз 21 адамдын сөөгүн таптык. Учурда издөө иштерин улантып жатабыз» — дейт Шиджу аймактык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери.
Учурда кырсык болгон аймакта куткаруу иштери уланууда.