7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Met Gala’да өзгөчө образы менен көпчүлүктү суктандырган Рианна жөнүндө фактылар

517
Дүйнө жүзүнө өзгөчө үнү менен таанылган ырчы, актриса, модель, продюсер жана жеке бренддин, бир баланын энеси Рианна жөнүндө кызыктуу фактыларды айтып беребиз.
1) Робин Рианна Фенти (толук аты-жөнү). Псевдоним катары экинчи атын алган. 1988-жылы 20-февралда АКШнын Барбадос шаарында төрөлгөн. Маданиятка кошкон салымы үчүн «улуттук баатыр» наамына ээ. Анын күйөрмандары 22-февраль Барбадосто “Рианнанын расмий күнү” деп майрамдап келишет.
2) Музыкалык карьерасы 20 жыл мурун башталган. 2003-жылы продюсер Эван Роджерс жубайы менен Рианна жашаган Барбадос аралында эс алып жүрүп кастинг өткөрөт. Кастингге Рианна эки классташы менен барып сынакка катышып, натыйжада Эван Рианнанын анын талантын байкап, Коннектикут шаарына келишим түзүп алып кеткен. Андан соң 16 жаштагы ырчы Нью-Йоркко көчүп, карьерасын андан ары өнүктүргөн.
3) Биринчи альбому 2005-жылы жарык көргөн. Эң көп сатылган «Good Girl Gone Bad» аттуу супер хит «Umbrella» альбомуна 20 жыл болду. Азыркыга чейин популярдуулугун жоготкон эмес. Ал сегиз «Грэмми», алты «American Music Awards», атайын «Icon Award» жана он сегиз «Billboard Music Awards» сыйлыгынын ээси.

4) Жылдыздын үй-бүлөсүндө балдардын аттары «Р» тамгасы менен башталат. Эң улуусу, эки Рорри жана Раджад аттуу иниси бар.
5) 2020-жылдын күзүндө Рианна “Forbes” журналынын версиясы боюнча музыка тармагындагы эң бай аял болуп тандалган. Өзүнүн мүлкүнүн көлөмү боюнча ал Мадоннаны (550 миллион доллар), Селин Дионду (455 миллион доллар) жана Бейонсени (420 миллион доллар) ашып өтө алган.
6) 2012-жылы Рианна коммерциялык эмес «Clara Lionel Foundation» уюмун негиздеп, ага чоң ата, чоң энесинин ысымын ыйгарган.
7) Ырчынын инстаграм баракчасында 149 млн катталуучусу бар. Ал жактан өзүнүн күнүмдүк жашоосу менен бөлүшүп турат.
8) «Met Galaда» өзгөчө образдары менен көрөрмандарын таң калтырууда. Анын жакшы көргөн кызыл килем кийимдери. Рианна кийимдерди дизайнерлер менен чогу кеңешип жаратат.
9) Рианнын жеке косметика бренди жана “Fenty beauty”, “Savage x Fenty” спорт кийимдер бренди бар. “Puma” бренди менен биргеликте да иштешип келет.
10) ASAP Рокки аттуу жолдошу америкалык рэпер, музыкалык продюсер жана рекорддук компаниянын жетекчиси. Учурда алардын 1 баласы бар, ал эми Рианна кош бойлуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

518