7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болуп, 20 учур катталды

1335

Индиянын Махараштра штатында коронавирустун «дельта плюс» деп аталган жаңы штаммын жуктурган 20 учур катталды. Бул тууралуу Индиянын медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жаңы штаммын жуктурган беш учур Ратнагири шаарынан табылган. Илдет илештирген эки адамда эч бир белги байкалган эмес. Вирустун жаңы штаммынын жайылуусун алдын алуу үчүн бийлик мутация табылган райондорду жапканы маалым болду.

«Биз «дельта плюс» штаммын Нави-Мумбай, Палгар жана Ратнагири шаарларынан каттадык. Алардын үлгүлөрүн анализге жиберип, отчет күтүп жатабыз», — деди Лахан.

«Коронавирустун B.1.617 штаммы Индияда 2020-жылдын 5-октябрында катталган. Бул штамм андан бери бир топ мамлекетте да табылды. Дарыгерлердин айтымында, дал ушул мутация Индияда коронавирустун экинчи толкунунун башталышына себеп болгон»-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө коронавирус көп катталган мамлекеттердин ичинен Индия экинчи орунда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1336