7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инфаркт же инсульт болбоштун оңой эрежелери бар

4888
Инфаркт же инсульт менен ооругандар учурда көп. Бул ооруларды жоюнун эрежелерин билбегендиктен өөрчүтүп алышат. Инфаркт же инсульт болбоштун оңой эрежелери жөнүндө Урмат Барыктабасов кеңеш берди.
«Инфаркт же инсульт болбоштун оңой эрежелери бар экен. Кыргызстанда эң көп адам ушул жүрөк оорудан өлөт.
Себеби оңой эле нерсени билбей кете берет экенбиз оо дүйнөгө, же оорукчал болуп калат экенбиз. 2017 ж каным койулуп ден соолугум начарлап жүрөгүмо операция жасаттым. Эки стенд койдурдум. Көрсө тромб пайда болгон экен.
Кан тамырлар ичкерип кан коюлуп өтпөй калыптыр пробка болуп. Ошол күнү мончого барып, тырмактарымды алып, чачымды тегиздеткем. Операция жасатканы столго жатканда ойлоп койдум ии ушинтип кетет турбайбымбы, ырас тазаланып алыптырмын деп. Дамир айтты 1 саат кечиккенде бул дүйнө мн коштомоксуз деп. Дем ала албай кыйналдым.
Аба жетпей атты. Врачка айта салдым, иним төшүмдү тилип койчу, аба жетпей жатат деп. Ар жакты карасам Асель ыйлап туруптур. Колум менен коркпо деп көз кысып күлүп койдум.
Операция бир саат болду. Кан тамырлар ачылганда өлө жыргадым. Жүрөк эмнеге ооруйт деген суроого жооп издедим. Кан коюланат экен, кан тамырлар ичкерет экен, анан ал
жүрөкө терс таасирин берет. Анан адам инфаркт же инсульт болот.
Жакында Талант деген дарыгериме барып текшерилдим. Кардиограммага түштүм жана башка да тапшырмаларын аткардым. Дарыгер ден соолугуңуз мыкты экен деген диагноз коюп берди. Эмне үчүн мыкты болду ден соолугум силер мн бөлүшүп койсомбу деп чечтим.
Булар иммунный системаны мыкты кылат, күчтөйт:
1. Күнүнө 2 литр таза суу ичкиле;
2. Күнүгө 4 км жөө баскыла;
3. Абсолют көнүгүүсүн эки маал жасагыла;
4. Таң эртен мн ачкарын бир тиш чеснок жуткула;
5. Кызылчаны өкүртө жегиле;
6. Оливканы каалышынча жегиле;
Кан коюлгандын эң негизги себептери:
1. Стресс;
2. Кислороддун жетишпегендиги;
3. Белок жетишпейт;
4. Кыймыл жок болгондугу;
«Ушуларды кармансаңар ден соолугуңар мыкты болот. Ии баса тамекини таштагыла. Миңдеген доллар коротосуңар эрежени сактабасаңар. Эрежени сактасаңар өмүрүңөр узун болуп берет».
Автор: Урмат Барыктабасов

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4889