Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөгө ташылып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармектердин тизмесин кыскартууну сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору министрлер кабинетинин коомдук талкуусуна коюлду.
Алар маанилүү деп эсептелген 432 даана даары дармек жана 59 даана медициналык буюмдан башкасын КНС салыгынан бошотуу зарыл эмес деп эсептешет.
Эске салсак, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын дээрлик бардыгы ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулган болчу. Бирок салык жеңилдигине карабастан, баа жогору бойдон калууда.
Министрликтин маалыматына ылайык 2020-жылы КНСтен бошотуу суммасы 2 миллиард 678,2 миллион сомду түзгөн. КНСтен бошотуунун болжолдуу суммасы 1 миллиард 736,7 миллион сомду түзөт.