Бишкекте 17-апрелден тарта Интергельпо көчөсүнүн Кенсуй көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, унаалар убактылуу Пишпек жана Фучик көчөлөрү аркылуу өтүшүт.
Белгилей кетсек, аталган көчө Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында оңдолот.