7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернет аркылуу радикалдашууну алдын алуу боюнча маселе талкууланды

579

Бүгүн,2-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Дамас отелинде “Интерфейс Кансил” коомдук уюмунун жана “REOG Communications” өнөктөштүгү алдында ишке ашып жаткан “Зомбулуктуу экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бүтүндөй стратегиялык коммуникация” программасынын “Глобалдык медиаборбор” долбоорунун алкагында “Ойлон. Сак бол!” медиакампиясынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстанда экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Коопсуздук кеңешинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, эл аралык уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул медиакампаниянын максаты – онлайн радикалдашууну алдын алуу жана Кыргызстандын бардык жарандарына киберталаадагы коркунучтар туралуу эскертүү.

Башында уюштуруучулар тарабынан аталган медиакампаниянын максаттары жана актуалдуулугу түшүндүрүлүп, Интернет аркылуу азгырылып кеткен жарандардын тагдырларын чагылдырган, экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттерин, аларды алдын алуунун жолдорун түшүндүргөн видеороликтер көрсөтүлдү. Жогорудагы видеороликтер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору, Ички иштер министрлиги менен биргеликте эл аралык уюмдардын жардамы менен тартышкан.

Иш-чарада зордук-зомбулук камтылган экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык байланыш тармагындагы алдыңкы эксперттер баяндама жасашып, экстремисттер колдонгон ыкмалар жана стратегиялар, онлайн азгыруулардын кесепеттери жана зордук-зомбулук камтылган экстремизм жана терроризм идеяларынын жайылышын алдын алуудагы жалпыга маалымат каражаттарынын ролу тууралуу кыскача айтып беришти.

Өз кезегинде, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев сөз сүйлөп, радикалдашууну алдын алуу чөйрөсүндө иш алып барып жаткан укук коргоо органдарынан сырткары, бул маселеге коомчулук дагы кайдигер мамиле кылбастан, колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи. “Бүгүнкү күндө ааламдашуу процессинде Интернетти туура эмес колдонуу бир эле КРнын аймагында гана эмес, бүт мамлекеттердин көйгөйүнө айлынап жатат. Бул медиакампаниянын алкагында жаштарга туура жолду көрсөтүү, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу максатында туура маалымат берүү боюнча бир нече видеороликтерди биргеликте даярдадык. Себеби, Интернеттеги маалыматты колдонууда туура ойлонуп, тыкыр талдоо жүргүзүп, керектүү гана маалыматты албастан, экстремисттик агымдарга дагы азгырылып кеткендер да болууда. Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүгө күчү жеткени менен радикалдашууну алдын алууда сөзсүз түрдө коомчулуктун колдоосуна, кайдигер болбогон мамилесине муктаж. Анткени, экстремизм маселеси бардык жерде көйгөйлүү маселе бойдон калууда”,-деди Манас Аманбаев.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 2017-2022-жылдарга Өкмөттүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2022-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында өткөрүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580