7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөчө экзотика! Түркиянын топ 50гө кирген тектоник көлдөрү

497

Түркия Кара, Мармара, Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңиздеринин мээлүүн жели аралаган, толкундарынын эпкини тийген, абасы таза, жаратылышы кооз тропикалуу өлкө. Жер ортолук деңизин болсо түрктөр Ак деңиз деп аташат. Дал ушул Ак деңизде Көлдөр району бар. Бул район экзотикалуу пейзаждары, кооз жаратылышы туристтерди өзүнө тартып турат. Көлдөр району «2023-жылы саякатталуучу эң мыкты 50 жердин» катарына киргизилген.

КӨЛДӨР РАЙОНУНДАГЫ КООЗДУК


Түркиянын түштүгүндөгү Афьонкарахисар, Анталья, Бурдур, Ыспарта жана Конья облустарынын чек арасында жайгашкан Көлдөр району акыркы жылдары туристтер агылып келе баштады. Көлдөр районунда Ажыгөл, Акшехир, Акгөл, Бурдур, Бейшехир, Гавур, Ышыклы, Илгин, Эгирдир, Эбер, Ковада, Салда, Карамык, Сугла, Ярышлы жана Караташ сыяктуу майда-майда көлдөр бар.

ТЕКТОНИК КӨЛДӨР МЕНЕН ТАРЫХЫЙ ЖЕРЛЕР


Торос тоолорунун этектериндеги бул көлдөр жер титирөөдөн кийин пайда болгон тектоник көлдөр болуп саналат. Бул район бир гана табигый көлдөрү менен гана эмес, тарыхый жерлери, аймакта сакталып калган Грек жана Рим шаарлары, байыркы атмосферасы менен да туристтерди кызыктырып келет.

РОЗАЛАР МЕКЕНИ БОЛГОН ЫСПАРТА

Түркиянын Ыспарта районунда роза жана лаванда гүлдөрү өстүрүлөт. Бул аймак гүл өндүүрсү менен дүйнөгө белгилүү. Гүл жамынган Ыспарта көз жоосун алган кооз ландшаты менен гана эмес, байыркы маданияты, экономикасы, тарыхый байлыгы жана жаратылыш кооздугу менен кишини суктанткан Көл районунун эң популярдуу облустарынын бири.

ЛАВАНДА ТАРТУУЛАГАН СУЛУУЛУК
Ыспартага лаванда гүлдөрүнүн тигилгенине көп деле болгон эмес. Бирок кыска убакытта аймак көрккө бөлөндү. Кызгылт, көк түстүү сулуулук жана көк килем жамынган талаалар көпчүлүктүн көңүлүн тарткан дестинацияга айланды.

 

18 CİTTASLOW ЖАНА ЭГИРДИР
Түркиянын 18 Cittaslow “эң жай шаарына” кирген Ялвач жана Эгирдир да Ыспартада жайгашкан. Эгирдир көлү пляждары жана тунук суулары менен белгилүү. Ошондой эле алма-өрүк, шабдалы өсүп, тал-теректер тигилип, мажүрүм талдар ийилген кооз локациялар да бар.

ЙЕШИЛ АДАДАГЫ БАЙЫРКЫ АТМОСФЕРА
Эгирдирден 1,5 км алыстыкта Йешил Ада жайгашкан. Йешил Аданын жалпы аянты тогуз гектарды түзөт. Бул дестинация чакан таш жана жыгач үйлөрү, таштак тар көчөлөрү менен өзгөчөлөнүп турат. Йешил Ада мурун Нис деп аталган. Нисте балыкчылардын баш калкалоочу жери болгон. Нисте христиандар тарабынан ыйык деп эсептелген Айя Стефанос чиркөөсү да бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып турат. Ал жердеги хостелдерде, балык ресторандарында байыркынын атмосферасы кадимкидей сезиле түшөт.

АТАТҮРККӨ БЕРИЛГЕН АРАЛ
Ал эми Кан Ада болсо Эгирдир менен Йешил Аданын ортосунда жайгашкан, жети миң чарчы метрлик түстүү бир арал. Аралда эч кандай курулуш жок. Бул арал Мустафа Кемал Ататүрк Эгирдирге барганда эл тарабынан белек катары берилген.

КОВАДА КӨЛҮНДӨГҮ КООЗДУК
Ковада көлү болсо тайыз, аны менен катар флорага бай уникалдуу жер. Сыртта эс алуу жана көңүл ачуу үчүн чоң потенциалга ээ. Ковада көлүнүн тегерегиндеги улуттук паркта жаратылышты изилдөө, кемпинг, жөө жүрүү, куштарды көрүү жана альпинизм сыяктуу иш-чаралар өткөрүлөт. Жан-жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн камтыган Гөлжүк көлү аймактын тургундарына эс алуу, көңүл ачуу жана спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүп келет.

Түркиянын Көл районун дүйнөгө белгилүү Travel + Leisure журналы 2023-жылдагы «Саякат кыла турган эң мыкты 50 жер» тизмесине киргизип, «Маданий байлыктары үчүн зыярат кылына турган жер» категориясына каттады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

498