7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернет шылуундары МинКаб төрагасынын атынан чиновниктерге смс жазып…

198

Алдамчылар Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атын пайдаланып, билдирүү жөнөтүп жаткан учурлар катталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Акыркы күндөрү интернет алдамчылар Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан 3-4 кызматкерге вотсап аркылуу билдирүү жазган учурлар катталып маалымат бизге жетти. Демек, башка жарандарга дагы жазган учурлар болушу мүмкүн. Буга чейин жогорку кызмат өкүлдөрүнүн атынан СМС билдирүү жиберген алдамчылардын аракеттери бөгөттөлгөн.

Мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, маалыматты тактап, тийешелүү органдарга кайрылууну сунуш кылабыз. Интернет алдамчылары бар экенин, алардын айла-амалдары тууралуу жакындарыңыздарга дагы айта жүрүңүздөр, сак болуңуздар. Мындай алдамчылардын аракеттери боюнча тийешелүү органдар иш жүргүзүп жатат, алар мыйзам чегинде жазаларын алышат»,-деди ал.

199