7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инвесторлордон 200 миң АКШ доллар талап кылган Төлөнбай Нурбаев кармалды

611

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң АКШ доллары) акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда, 22-августтан 16-сентябрга чейинки убакытта Төлөнбай Нурбаев аттуу арыздануучунун таанышы «Ислам» жана «Фазиль» аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда, президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

Ушул жылдын 16-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Нурбаев Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, аталган жаранды каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен.

17-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Төлөнбай Нурбаев борбор калаада жайгашкан кафелердин биринде чет элдик инвесторду шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң АКШ долларын талап кыла башташкан. Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын “BMW X7” үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылып, алынган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2001-жылкы жана 1997-жылкы башка өлкөнүн жараны кармалган. Ал эми, 25-сентябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык 1978-жылы туулган Төлөнбай Нурбаев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Төлөнбай Нурбаев 1977-жылы 21-февралда Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2013-жылы Ош мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.
Эмгек жолу: 2011-2013 — Жаштарды эмгек менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин түштүк региондор боюнча атайын өкүлү. Учурда ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөлүү, жети баланын атасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612