7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанбаев: Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү

630

Өзүңүздөр билгендей Кыргызстан акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш президент Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мамлекет башчысы ар дайым «инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү керек» деген талапты бардык мамлекеттик органдарга, тийиштүү мекемелерге коюп келет. Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши оңой эмес. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы, инвесторлордун өлкөбүздө ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар. Мисалы акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган. Бул маалымат президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт. Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда «кол тийбестер» жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат. «Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат» дегендер болсо, алар катуу жаңылышат. Президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда Мамлекет башчысында дагы кимдер «жогорку байланыштарына» жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631