7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самокаттарды айдоо боюнча эреже коомдук талкууда

596

Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Ал мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Марлен Маматалиев.

Бишкек шаарында болжол менен 30 миңдей самокат бар жана саны күн сайын өсүүдө.

Демилгенин максаты — электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу мобилдик каражаттарды эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Электросамокат айдагандар үчүн сунушталган эрежелер:

  • Атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал жок болгон учурда бараткан багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;
  • Караңгыда жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же көрүүгө мүмкүн болбой калуучу башка шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн аларды жарык чагылдыруучу предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;
  • Ижарага берип иштегендер ижарачыларга жол эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, самокатын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
  • Эгер самокаттын техникалык абалынын начардыгы жол кырсыгына себеп болсо, анда жоопкерчилик ижарага берген тарапка жүктөлөт.
  • Электросамокаттарды ижарага берүү пунктулары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен атайын бөлүнгөн жерлерде ачылат. Ошондой эле бийлик учурдагы жолдордон жаңы жолдорду курууда жана оңдоодо электросамокаттар үчүн атайын тилке бөлүп берүүгө милдеттендирилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597