Иорданиянын мураскор 28 жаштагы ханзаадасы Хусейн бин Абдулла II саудиялык бизнесмендин кызы 29 жаштагы сауд архитектору Ражва Аль Саифке үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, үч күнгө созула турган үйлөнүү үлпөтүнө дүйнөнүн королдук үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле саясий лидерлер жана таасирдүү бизнес өкүлдөрү катышты.
Падышалык кортежди тосуп алуу үчүн Аммандын көчөлөрүнө калың эл чыккан. Жалпысынан тойго 1700 конок чакырылган.