7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды

424

Ош облусунда ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылганын УКМКдан билдиришти.

Сотко чейинки текшерүүлөрдүн алкагында УКМКнын инженердик-сапердук тобунун жардамы менен Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза табылып алынды.

Табылган жана алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

425