7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иран Кыргызстанга Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады

445

Иран Кыргызстанга Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады. Мындай сунушту өлкөнүн жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Фарзане Садег Мальваджерд Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугушууда айтты.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда транспорт жаатындагы маселелер талкууланды. Министр Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташуулар эки тараптуу келишимдин негизинде аткарылып жатканын жана тынчсыздана турган көйгөйлөр жок экенин белгиледи.

Ал эми министр Фарзане Садег Мальваджерд эки тараптын транспорт министрликтеринин ортосундагы Биргелешкен комиссиянын жыйынын өткөрүүнү, Ирандын Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады.

Министр Абсаттар Сыргабаев Ирандын Перс булуңундагы портторун колдонуу боюнча сунуш киргизүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып жаткандыгын айтты.

446