7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иранда кургакчылыктан улам жаанды химиялык ыкма менен жаадырышууда

266

Иран бийлиги күчөп кеткен кургакчылыкка каршы булуттарды химиялык себүү ыкмасын баштады. Бул – учак же жер үстүндөгү жабдуулар аркылуу күмүш йод сыяктуу реагенттерди булуттарга киргизип, жаанды жасалма түрдө пайда кылган технология.

Алгачкы себүү Урмия туздуу көлүнүн үстүнөн жүргүзүлгөн. Көл бир нече жылдык кургакчылыктан улам кескин тартылып, булутка айлана баштаганын BBC эскерет.

Иш чара мындан ары Батыш жана Чыгыш Азербайжан аймактарында уланмакчы — бул аймактар Урмия көлү менен чектешет.

Иран метеорологиясынын маалыматы боюнча, быйыл өлкөдө жаан-чачын көп жылдык нормадан 89% аз болду.

9 миллиондой тургуну бар Тегеранда суу сактагычтар 10%дан да төмөн деңгээлге түшүп, бийлик суу чектөөлөрүн же калкты убактылуу эвакуациялоону караштырып жатат.

 

 

267