7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министри эттин баасын турукташтыруу боюнча онлайн кеңешме өттү

253

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин жетекчилиги астында, онлайн форматтагы кеңешме болуп өттү.

Кеңешме Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана базар жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларды турукташтыруу маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалды.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү элди фермерлерден түз жеткирилген эт менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу тапшырмасы берилди.

 

 

254