Крим төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлө элек. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев иш биринчи инстанцияда каралмайынча камакта болору такталды.
“Иштин материалдары биринчи инстанциядагы сотко беш күндүн ичинде келип түшүшү керек. Алмазбек Атамбаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси, эгер анын адвокаттарынан өтүнүч келип түшсө, баш калаанын Биринчи Май райондук сотунда кылмыш ишин маңызы боюнча жаңы экспертизадан өткөрүү менен чечсе болот», — деп билдиришти Жогорку Соттон.