7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кампа башчысы мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирди

804

Кара-Балта мэриясынын “Универсал” муниципалдык ишканасынын кызматкери мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы “Универсал” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, 2021-жылдын январь айынан ушул жылдын июнь айына чейинки аралыкта, материалдык жоопкер болгон кампа башчысы С.Ш. тарабынан ага ишенип берилген ири ѳлчѳмдѳгү мүлк (электр товарлары, темир арматура ж.б.) мыйзамсыз ыйгарылып алынып, мамлекетке 1 млн 60 миң 648 сомду түзгѳн материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, кампа башчысына карата кылмыш иши Жайыл райондук сотуна кароо үчүн жиберилди.

Учурда иш соттун кароосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805