Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда президент Касым-Жомарт Токаевди Министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.