Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алардын бири Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, ИИМдин каттоосунда турат.
Министрлик шектүүлөр ишкерди шаардын четиндеги ээн талаага алып барып сабап, 25 миң доллар менен автосун берүүгө макулдугун алышканын билдирди. Алар ишкердин унаасын алып кетүүгө келген маалда милицияга колго түшкөн.
Кылмышка шектүү делген 37 жана 34 жаштагы кишилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.