7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иштей албаса кетишсин. Депутаттар комитет жыйынына келбеген министрлерди сынга алды

293

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети социалдык чөйрөнү өнүктүрүү маселелери боюнча министрликтердин маалыматын укту.

Депутаттар комитет жыйынына келбеген министрлерди сынга алды. Парламенттин социалдык саясат боюнча комитетине чакырылган жети министрдин экөө гана — маданият жана саламаттык сактоо министрлери келген.

«Орунтаев эрке балабыз жок. Сабиров мырза кайда? Кендирбаева кайда? Кендирбаева дагы саякатчы болуп бир жакка кетти деп уктум. Былтыр саламаттык сактоо министри менен билим берүү министри саякатчы болушту эле. Өкмөттөн тил укту, дагы деле жок», — деди Камила Талиева.

Депутат Надира Нарматова социалдык тармактагы министрликтер өз ишин жакшы жүргүзө албай жатканын айтты.

Ал президенттик администрациянын коллегиясында иш жасабаган адамдар эскертүү менен чектелип, тескерисинче, иштеп, министрликтердин айыбын жаап жүргөн адистер кызматтан алынганын сындады.

«Мындан ары иштей алган жетекчилер калсын, иштей албаса өз арызы менен кетсин», — деди Нарматова.

 

294