Бүгүн, 10-август Ислам шериктештиги оюнундарынын алкагында таэквондо, эркин күрөш, жеңил атлетика, стол тенниси боюнча беттештер өтөт.
- 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков;
 - 65 кг салмакта Икромжон Хаджимурадов;
 - 74 кг салмакта Жапаркулов Адилет;
 - 86 кг салмакта Карыпбаев Нуртилек;
 - 97 кг салмакта Байсал Кубатов.
 
Стол тенниси боюнча Кыргызстандын курама командасы командалык беттеште Ливан менен ойнойт.
Эске салсак, 10-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтөт. Ага жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 спортчу, спорттун 16 түрүнөн катышат.
Булак: maralfm.kg
Булак: maralfm.kg




			    



