Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Ал 50 пайызга жогорулай турганын министрлер кабинети билдирди. Учурда тиешелүү токтом долбоор даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Кабарлангандай, пенсияны 50 пайызга көтөрүү үчүн жалпысынан 3 миллиард 83 миллион сом талап кылынат.
Социалдык фонддон билдиришкендей, жогорулатуудан кийинки минималдуу пенсия Кыргызстанда 7 миң 200 сомду түзүп калат. Өлкөдөгү пенсионерлердин жалпы саны 670 миңден ашат.