7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исмаил Исаков: “Чек ара маселесинде бийлик биринчи жолу саясий эрктүүлүктү көргөздү”

962

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, генерал Исмаил Исаков:  “Чек ара маселесинде бийлик биринчи жолу саясий эрктүүлүктү көргөздү”

Кыргыз-тажик чек арасынын түйшүгү кыргыз коомчулугунун жүрөгүн тилген көйгөйгө айланганы маалым. Чечилиши өтө оор болууда. Анткени, тажик тарап бизге тынымсыз доомат коюп келди. Арга кеткенде тарыхый документтерге таянып, биз дагы доомат коёрубузду айттык. Ошондон кийин иш алдыга жылды окшойт, мамиле жумшарып, №44 протокол кабыл алынды. Мына ушул маселенин тегерегинде генерал Исмаил Исаков менен ой бөлүштүк.

   — Исмаил Исакович, кыргыз-тажик чек арасындагы “талаш жерлер” боюнча дайыма оюңузду ачык айтып келе жатасыз, азыркы абалда кандай чечилиши керек? Дегеним, ушуга чейин кыргыз тарап айталбай, карманып келген Мургаб, Жерге-Тал маселесинин тагдыры кандай болот?

— Туура, биздин кээ бир жарандарыбыз жадагалса бийлик өкүлдөрүбүз түшүнүп-түшүнбөй, билип-билбей же айткан сөздөрүнө маани бербей тиги тараптын “талаштуу” деп айткандарын кайталагандарын сынга алып, “Эл аралык же эки тараптуу мыйзамдаштырылган келишимдерде талаш участоктор боюнча коңшу өлкөнүн бизге бир дагы дооматы жок. Союз тараган учурда республикалардын ээлеген аймактары жана чек аралары таанылып, аны бузбоого жана сактоого милдеттенме алынып, кепилдик берилген. Ошол келишимдерди окуп, алардын негизинде иш алып барбайсыңарбы” деп келишимдердин алкагында иш алып барууга чакырып жүргөнүмдү четке кага албайм. Чындыгында, тиги тараптын атайын “талаш” деп айткан сөздөрүн кайталап айтып коюп, ошол сөздүн барымтасына калган учурлар көп болгон.

Эми чек аранын чечилиши боюнча айтсам, анын чечилишинин бир эле жолу бар, ал жогоруда айтып кеткенимдей мыйзамдаштырылган келишимдердин негизинде гана чечилет. Ага далилдүү мисал – Тоолу Карабах. Отуз жыл мурда Азербайжандын курамынан “чоң жаңжал” менен чыгып кеткендигине карабай, Союз тарагандагы келишимдердин негизинде Тоолу Карабахты Азербайжан толук кайтарып алганына бүгүн барыбыз күбө болдук. Аны тууралыгын дүйнөлүк коом дагы кабыл алды. Ошондуктан, ким кандай аракет кылбасын, барыбир тегеренип отуруп, эл аралык мыйзамдаштырылган келишимдердин алкагында иш алып барууга мажбур болобуз. Ушуну тажик тарап дагы түшүнүшү керек. Өзүңө маалым болгондой 1925-жылы 2-январда биздин ошол кездеги бийликтин каршылыгына карабай, СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун №39 протоколунун негизинде, Кара Кыргыз автономдук облусунун эсебинен Мургаб району протокол менен гана берилген, элибизден дагы сураган эмес. Андан башка, Жерге-Талдыбызды кошуп, Тажикстандын аймагынын аянтын жана элинин санын көбөйтүп, Тажик автономдук Советтик Социалистик Республикасын түзүшкөн. Эгерде тажик тарап келишимдерде алган  милдеттеринен баш тартып, сүйлөшүү процесстерин созуу менен кандайдыр бир кызыкчылыктарына жетүү максатта негизсиз, юридикалык жактан бекемделбеген дооматтарды коюшса, анда албетте, жогоруда айтылган фактылардын негизинде өздөрүнүн өлкөсүнүн жалпы аянтынын 31,6 пайызын түзгөн Мургаб менен Жерге-Талды кайтаруу маселеси сөзсүз козголушу  керек. Өзүң ойлосоң, эмне үчүн алар негизсиз доомат койсо болот, ал эми биз негиздүү доомат койо албайбыз? Коюлат. Алар гана эмес, кошумча башка жерлер боюнча дагы доомат коюлуп калышы мүмкүн.

— Сөзүңүзгө улай суроо берейин, жакында УКМК төрагасы К.Ташиев: “Жаңы документтерди таптык. Ошол документтердин негизинде биздин Кыргызстандын көп  жерлери Тажикстанга өтүп кеткени белгилүү болду. Аны юридикалык, тарыхый  документтер менен тактап бере алабыз. Эгерде Тажикстан Кыргызстанга койгон аймактык дооматтарынан баш тартпай турган болсо, анда ошол документтердин негизине юридикалык жактан аймактык дооматтарды биз койобуз. Ага күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет. Өзүбүдүн, мурдатан берки  тарыхый, канча жылдар мурдагы жерлерибизди кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, күчүбүз жетет” деди. Ошондо бул билдирүү туура болдубу?

— Албетте, бул билдирүү бир жагынан биринчи жолу саясий эрктүүлүктү көргөздү, экинчи жагынан юридикалык жактан бышыкталып, бардык тараптан негизделген туура билдирүү болду. Билдирүүнүн далили катары Мургаб менен Жерге-Талдын тажик тарапка качан, кантип, кайсы документтердин негизинде өтүп кеткендигин жогоруда айтып кеттим. Мурдагы маектеримде документтерди жана карталарды көргөзүп бергем. Азыр К.Ташиев “жаңы документтерди таап чыктык” деп айтты. Ал кайсыл документтер болушу мүмкүн? Мен ойлойм, ал Исфаранын тегерегиндеги жерлердин тарыхий документтери болуш керек. Себеби, 1927-жылдын май айында ошол документтердин негизинде Исфаранын айланасындагы жерлерди жана Сохту Союздун борбордук бийлиги бизге  өткөрүп берген болчу. Кийин, Өзбекстан бийлигинин каршылыгынан чыккан талашты ырбатбоо үчүн Союздун борбордук аткаруу бийлиги бизге өткөн жерлер боюнча чечимди жокко чыгарып, бул маселеге кайрылбоого 3 жылга мараторий жарыялап, маселени ачык бойдон калтырып коюшкан эле. Ошондуктан, К.Ташиевдин айткандары кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоого багытталган, жөндүү жана фактыларга таянып айтылган сөз деп эсептеймин. Дагы кайталап койоюн, эгерде тажик тарап негизсиз дооматтарынан баш тартпаса, анда жогоруда айтылган фактылардын негизинде биз тараптан  дооматтарды койгонго жана жерлерибизди кайтарып алууга тажик тарап өздөрү себепкер болуп, жолдорду бардык тараптан ачып беришет.

— Камчыбек Ташиевдин кайрылуусунан кийин кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери жаңы протоколго кол коюшту. Бул иштин алдыга жылгандыгынын белгисиби?

— К.Ташиевдин кайрылуусу иштин жылышына таасирин тийгизбеди деп айта албайбыз, кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизгени шексиз. Негизи, жаңы протоколго кол коюуга түрткү болуп, эбегейсиз чоң таасирин тийгизген бул, эки тараптын өлүмү менен коштолгон эки жолку чек ара чыр-чатагынын сабактары менен коомдогу пикирлер болду деп ойлойм. Биз мындан ары андай конфиликтердин чыгышына жол бербешибиз зарыл. Мындан ары ынтымакта, бири бирибизге сый-урмат менен жашоого милдеттүүбүз. Мына ушул өңүттө караганда, албетте эки өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин жаңы протоколго кол коюшун жакшылыктын жышааны деп бааласак болот.

— Тажикстандын коопсуздук кызматынын башчысы С.Ятимов «№44 протоколго кол койдук. Бул протоколду ишке ашыруу буга чейин кырыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдарга негиз жана себеп болуп берген бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү чечет” деди. Айтылган сөздөрдүн негизинде чек арага чекит коюлду деп билсек болобу?

— С.Ятимов мырзанын айткандарындай болсо кана аттиң. Кудай колдоп, ылайым ошондой эле болсун, көйгөйлөр чечилсин. Биз дагы ошондой болушун каалайбыз жана тилейбиз. Бирок, “сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, биз айтылган сөзгө эмес аткарылган ишке баа беришибиз керек. Эмне үчүн дебейсиңби? Биринчиден, №44-протоколдун мазмуну менен сенин, менин жана жарандык коомдун тааныштыгы жок. Анын үтүр чекитине чейин эч ким (комиссиянын мүчөлөрүнөн башка) кунт коюп окуй элек. Орустун жакшы сөзү бар “Казнить нельзя помиловать” деген. “Казнить” дегенден кийин үтүр койсоң башың алынат, “Нельзя” дегенден кийин үтүр койсоң тирүү каласың дегендей. Экинчиден, мындай протоколдордун канчасына кол коюлуп, канчасы аткарылбай калгандарын дагы өтө жакшы билебиз. Ошондуктан, С.Ятимовдун айткан сөздөрүнүн негизинде чек арага чекит коюлду деп айтуу эртерээк жана туура эмес болуп калат. Чек ара маселеси чечилди деп, качан гана аткаруу бийлиги тарабынан келишим  түзүлүп, ага эки тараптын өкмөттөрү расмий кол коюп, аны Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүп, ага Президент кол койгондо — чек арага чекит коюлду деп айтсак  туура болот.

— Жер маселесинде  утулбашыбыз үчүн  кандай кадамдарды  жасашыбыз керек?

— Азыр “утулабыз же утулбайбыз” деп эч ким айта албайт. Аны айтуу дагы мүмкүн эмес, себеби 1991, 1992, 1994, 1996-жылдардакы келишимдер боюнча чек ара маселелери юридикалык жактан бекитилип, аларга чекит коюлган. Жогоруда Тоолу Карабахты мисал катары бекер айткан жокмун. Азыр биз каалайбызбы же каалабайбызбы ошол документтердин алкагында ишти бүтүрүшүбүз керек. Мүмкүн ошол документердин негизинде эки тараптын макулдугу менен кандайдыр бир жерлер алмашылып калышы ыктымал, ага да моюн сунушубуз шарт. Мындай иш-чаралар эки тараптын тең кызыкчылыктарын камсыз кыла турган иш болуп калат.

— Чек ара боюнча дагы кандай ойду кошумчалай аласыз…

— Мен өзүбүздүн жана тажик тараптын бийлик жетекчилерине кайрылып кетээр элем. Дүйнөдөгү жана региондогу бүгүнкү болуп жаткан чыр-чатактарды эске алуу менен эки элдин ынтымагын, биримдигин жана сый-урматта жашоолорун камсыз кылууну эстерине түйүп, тез арада мыйзамдаштырылган келишимдердин негизинде чек ара маселесине чекит коюуга экөөсү тең болгон аракеттерин жумшашы керек. Салык төлөөчү катары өзүбүздүн бийлигибизден ошону талап кылабыз. Өлкөбүздө дайыма тынчтык болуп, адам укуктары менен эркиндиктери толук кандуу камсыз кылынып, мыйзамдуулук өкүм сүрүп,  демократиялык жол менен өнүгүүгө багыт алалы.

Кылычбек Кудайбергенов.

Булак: “Эркин-Тоо” гезити

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

963