Мыйзам талабына баш ийбей каршылык көрсөткөн “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев жок кылынгандан бери бийлик тарабынан криминалга каршы күрөш кызуу жүргүзүлө баштады. Муну коомчулуктун калың катмары туура кабыл алып, кубаттап жаткан кези. Албетте, айрым чабал түшүнүктө ой калчаган жарандар Көлбаевди элдин баатыры катары көрсөткөнгө аракет кылып, адал эмгеги менен акча тапкан ишкерлерди тоноп жүргөн каракчыны актоого жанталашып жатышат. Каракчылар кыргызда эч качан баатыр болгон эмес, мындан ары да боло албайт. Биз ушул маселе боюнча жарандык активист катары таанылган Мавлян Аскарбековду кепке тарттык.
— Мавлян мырза, бийлик тарабынан кылмышкерлерге каршы күрөш башталды. Мындан саясат издеп, ишкерлерди какшаткан криминалга жан тарткандар болууда. Негизи, бул кылмышкерлерге каршы күрөш алгылыктуу кадам болуп жатабы?
— Тилекке каршы, эгемендик алгандан берки 30 жыл аралыгында расмий бийлик менен коюн-колтук алышып, камыр-жумур болгон кримдүйнө тамырлап калды. Ошол күндөн бери экономиканы көтөрүүчү тармактарды чырмооктой каптап, адал эмгеги менен акча тапкан ишкерлерди тоноп келе жатышат. Мына жакында баарыбыз күбө болгондой «кримтөбөл» Камчы Көлбаев жок кылынды. Бул колдоого татыктуу кадам экенин айтып коюшубуз керек. Анткени, Көлбаев кыргыз мамлекетинде гана эмес, Борбор Азиядагы, атургай эларалык деңгээлдеги кримчөйрөдө орчундуу орунду ээлеп турган. 20 жыл аралыгындагы Кыргыз мамлекетинин президенттери, премьер-министрлери Камчы Көлбаев менен кызматташып, сүйлөшүп, өз маселелерин чечип келишкен. Камчы Көлбаевди колдонуп өзүнө керексиз адамдарды, саясатчыларды жок кылганын да жакшы билебиз. Ошондой таасири бар «кримтөбөлгө» бийлик мыйзамдын үстөмдүгүн көрсөтүп, чечкиндүү, эрктүү кадам жасаганы – абдан жакшы болду.
— Ишкерлерге салык салып, кээ бирин мүлкүн тартып алып, каршы чыккандарын сабап, өлкөдөн кубалап, атургай көзүн тазалап жүргөн криминалды баатыр катары санагандар арабызда бар экен. Аларга эмне дейт элеңиз?
— Өкүнүчтүүсү, 30 жылдан бери жүргүзүлгөн идеологияга ылайык, криминалдык чөйрөдөгүлөр сыймыктуу адамдарга айланып калды. Кримтөбөлдөрдү баатырга теңешип, аларды кыргыз мамлекетинин коргоочулары, мекенчилдери катары көрсөтүп келе жатышат. Конкреттүү фактылар бар, мисалы, биздин айрым чаласабат режиссерлор кримчөйрөнү даңазалаган кинолорду тартышып, биздин жаштардын аң-сезимин, психологиясын бузушууда. Ушулардын тизгинин тартып, кылмышкерлерди баатыр кылган идеологиялык иштерди токтотуп, билим, илим, спорт менен маданиятка бет алган баалуулуктарды жайылтуу зарыл деп ойлойм.
— УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бизнесмендерге, чет өлкөлүк инвесторлорго, ресторандардын, базарлардын ээлерине кайрылып, “Мындан ары крим чөйрөсүнө акча бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз” деди. Муну да коомчулук туура кабылдап, бийлик баш-оту менен киришкен ишке жардам бериши керекпи?
— Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу эң туура жана өз учурунда болду. Ар бирибиз кол кабыш кылып, криминалга каршы күрөштө жапатырмак жардам беришибиз керек. Тилекке каршы, кримчөйрө кыргыз мамлекетиндеги ири бизнестердин бардыгынын үлүшүнө кирип алган. Мамлекеттин салыгынан, бажы төлөмүнөн да чоң, олчойгон суммадагы каражаттарды алып, эларалык соода-сатыкка чейин кирип, кен байлыктарды иштеткен компаниялардын пайдасынын бир бөлүгүн кемирип келишти. Ченебей байышты. Көлбаевдин Кыргызстанда табылган мүлкү эле 1 млрд доллар экен. Булар менен күрөшүү оңой эмес. Мына ушундай оор ишти баштап, кылмышкерлерди талкалоо алдында турат. Биз укуктук жана цивилизациялуу мамлекетте жашайлы десек, бизде кримтөбөл же кримчөйрөнүн адамдарына акча төлөө деген болбош керек. «Крыша» болом, сени коргоп берем, маселеңди чечип берем дегендердин баарын талкалап, баарыбыз мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Бийликтин чакырыгы туура, бирок ал ишке ашышы керек. Эл дагы, ишкерлер да муну түшүнүү менен кабыл алып, мамлекетке мыйзамда көрсөтүлгөн салыктарды гана төлөшү керек. «Смотрящий», «положенец», «кримтөбөл» дегендерге келсе, УКМКга кайрылып, жок кылуу зарыл. Мамлекетте бир гана мыйзам үстөмдүк кылышы шарт. Буга Камчыбек Ташиев чыйыр салып, эрктүү операцияны жасады. Буга чейинки бийликтин баарын сатып алган кримтөбөлдү жок кылып, кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдү бир чекеден камап баштаганы абдан жакшы көрүнүш болду. Эми идеологиялык жактан да иш жүрүшү зарыл. Мамлекеттик катчы, маданият министри жаштарга жаңы багытты көрсөтүшү керек.
— Буга чейин «кримтөбөлдү» кызыл килемдин үстүндө узатып келишкен да…
— Ал иш бетибизге көө жапты. А.Атамбаев баш, Ш.Атаханов төш болуп, ошол кездеги Баш прокурор, укук коргоочу жана омбудсмендер чогулуп алып, мыйзамдагы ууруну кастарлап барып кызыл килемдин үстүндө, атайын учак менен узатышкан. Бул мамлекеттибиздин эл аралык коомчулук алдындагы кадыр-баркына доо кетирген өтө уят иш, чоң шермендечилик болгон. Жакында мамлекетти башкарам деген дымактуу бир саясатчы той берип, анда биздин аттуу-баштуу адамдар, генералдар, прокурорлор УКМК жок кылган «кримтөбөл» Көлбаев менен бир дасторкондо отуруп чай ичкени айтылды. Бул дагы жеткен уятсыздык. Криминал же ууру менен мамлекеттик кызматкерлер, айрыкча укук коргоо органында иштегендер бир дасторкондон тамак жебеши керек. Карапайым элдин эсебинен байыган саясатчы, генералдар криминал менен тойдо бирге отурганы акылга сыйбаган жорук. Мына ушундай криминал менен коюн-колтук алышкан саясатчылар, генералдар мамлекетти жок кылат. Алардын баарын жоопко тартыш керек.
— “Кримтөбөлдүн” 1 млрд долларлык мүлкү конфискацияланып, жакындары, өнөктөштөрү кармалып жатат. Алардын катарында “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов темир торго киргизилди. Бир учурда анын бала бакчаны сауна кылып, кыргызды менталитетине каршы келген иштерди жасап жатканы боюнча айтып чыккан элең. Ал жазаланышы керекпи?
— «Мадина» базарына ээлик кылган Турсунтай Салимов акыркы 30 жылда бардык Президенттерди акчасы менен азгырып, Жогорку Кеңеште депутат болгонго чейин жетишти. Атайын кызмат Турсунтай Салимовду кармап, жазага тартканы жатканы туура болду. Анын кримчөйрөсүнө тиешеси бар же жогу такталып, жоопкерчилиги каралышы шарт. Негизи, Салимов мамлекеттик масштабдагы ири коррупциялык схемаларга аралашып, мамлекеттик мүлктөрдү жеке менчикке чыгарып алганы белгилүү. Мына ошол «Мадина» базары жайгашкан жерди айтсак болот. Ошондой эле Чыгыш-5 кичи районунун так ортосундагы бала бакчаны мыйзамсыз менчиктештирип алып, ал жерге сойкукана уюштурган. Мындан башка да толгон-токой кыңыр иштери бар. Киши өлтүрүү фактылары да айтылган. Дегеним, Кытайдан келген уйгур, кытай тектүү ишкерлер жоголуп, өлтүрүлүп кеткени боюнча сөздөр бар, ошонун баары иликтенип чыгып, Салимов мыйзамдын катаал шартында жоопкерчиликке тартылышы керек. Турсунтайга окшогон коррупциялашкан, криминалдашкан, элдин эсебинен байыган бизнесмен сөрөйлөр жоопко тартылчу учур келди. Булар 30 жыл тайраңдады, жетет. Мүлктөрү текшерилип, мыйзамсыз алган жерлери мамлекетке конфискация болушу зарыл.
— Турсунтай Салимовдун мүлкү конфискацияланбай калса, анда криминалга каршы күрөшкө көлөкө түшүп калбайбы?
— Негизи, криминал менен күрөшүү бул чоң жоопкерчилик. Мындай жоопкерчиликти өз мойнуна бир дагы президент, премьер-министр же УКМК башчысы алган эмес. 30 жылдан бери көптөгөн кримтөбөлдөр менен сүйлөшүп, кызматташып, же бирине-бирин тукуруп, өз кызыкчылыгына колдонуп, алар тапкан арам акчаларды бөлүшүп келишкен. Алардын бири да азыркыдай чечкиндүү кадам жасап, камап, элге ачык алып чыгалган эмес. К.Ташиев өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна артынып, өзүнө көп душманды пайда кылуучу күрөштү баштады. Бул күрөш эми токтобой, кулминациялык чекитине жетиш керек. Президент да, УКМК төрагасы да мыйзам жолунда жашаган, цивилизациялуу өлкөгө айланыш үчүн бир дагы кримтөбөл, кримчөйрө, кримтүшүнүк болбош керектигин бир ооздон айтышты. Коомчулук дагы чечкиндүү чечимдерди күтүп калды. Эми жалгыз гана кримчөйрөнүн башчыларын камоо эмес, «кримтөбөлдүн» колдоосу менен Жогорку Кеңештен мандат алган депутаттарды, министрлерди, акимдерди, мамлекеттеги чоң кызматкерлерди жазага тартышы шарт. «Кримтөбөлдүн» жардамы менен милиция, УКМК, прокуратура, сот органдарында иштегендер арбын. Кечээ бажыда иштеген 50 адамды кетириптир, бул бир чекеси гана. Дагы тактап чыгып, ар бирин кызматтан четтетип, күнөөлүүлөрүн жоопкерчиликке тартыш керек. Айтор, чоң күрөш башталды, бул аягына чыгышы керек. Эгер күрөштүн жүрүшүндө кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болуп, аягына чыкпай чайналып, баш-аягы билинбей кала турган болсо, анда элдин бийликке болгон ишеними сынат. Андыктан, мындай кемчиликке жол бербей, аягына чыгарыш керек. Анткени, азыр тараза ташы бийлик тарапка ооп, элдин ишеними жаралды. Эгер ошол ишенимди актап, күрөштү аягына чейин чыгарып, жанагы криминалга байланган депутат, министр, милиция, прокурор, сот, бажы ж.б. кызматтагыларды жоопко тартса, жалпы кыргыз журтунан колдоо табат.
Зулпукаар Сапанов
Булак: “Эркин-Тоо” гезити.