Итке минген жана джипке минген Бишкек.
Бишкек шаары дал ушундай болуп экиге бөлүнүп калганы чындык. Өлкөнүн борборуна айланган шаарда расмий түрдө 1 миллион 88 миң 900 жаран жашайт. Бирок, бул шаарда расмий каттоосу жок, жарым млнго жакын калк бар экендиги айтылат. Арасынан жакырчылыктын түбүнө түшүп, ичээрге тамак таппай калгандар да, байлыгына чиренип, анча-мынча жерге батпай калгандар да бар.
Азаттыктын мурдагы журналисти, учурдагы ютуб блогер Ыдырыс Исаков ушул таризде «Итке минген жана джипке минген Бишкек» аталышындагы иликтөөсүн жарыялады.
Исаков илитөөсүндө Бишкек шаарынын жака белиндеги хансарайлардын абалына кызыгып, шаар ичиндеги коомдук жайлар, карапайым элдин турмушу менен салыштырган. Сугат суу, тратуар ал гана эмес жол белгилерине чейин сапаттуу. Ал үйлөр атайын курчоого алынып, короосу тургай жолдору да кароолчу менен корголоорун чагылдырган.
Журналисттин бул эмгеги интернет желесинде адаттагыдай эле резонанс жаратып, талкуу күчөп барат. Айрыкча бай-кедей ажырымынын тирешүүсүнө жем таштады.
КТРКнын мурдагы башкы директору, учурда жазма блогер Илим Карыпбеков Исаковду бул материалы үчүн «эл душманы» деп атады.
“Ыдырыс, сен эл душманы болдуң. Ар бир бийликтен үмүт артып, эми өнүгүп кетебиз деген элдин ишениминжоготтуң.Иликтегиң келсе конкреттүү бир саясатчыны кармап, иликтебейсиңби? Сен айткан шаарчада муштай кезинен бери эмгектенип, маңдай тери менен байыган адамдар бар. Эми көтөрүлүш болсо, ошол жерди алыш керек дегендер пайда болду. Алар бизнес менен, өндүрүш менен канча элди багып жатат. Алар кетсе ким багат элди? Иликтөө деген конкреттүү болуш керек. Ошол жерде жашаган саясатчыны кармап, сенин айлыгың 30 миң сом экен, кантип бул үйдү алдың дешиң керек эле. Анан бардык бай адамдарды жаман көрсөтпөй”— деди Илим Карыпбеков.