Жалал-Абаддагы батирлердин биринен 63 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Анын ичинде 1958-жылы туулган Н.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Эшик ачууга №58 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.