Инспектордун огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраев 20-сентябрда үйлөнмөк. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.
Алардын айтымдарында, Чыңгыз өтө жакшы адам болгон жана ал үй-бүлөсүнө жалгыз кам көрүп келген. Ошондой эле Чыңгыз Абдыраев 20-сентябрда Ясмина аттуу сүйлөшкөн кызына баш кошмок жана тойго даярдык көрүп жүргөн. Алар жарым жыл мурда таанышышкан жана жакын арада кызды ата-энесинин үйүнөн алып кетмек.
“Анын биринчи аялы өзүнөн 10 жаш улуу болчу. Алар жарандык никеде жашап келишкен. Ортолорунда балдары бар, аларды кем кылбай камсыздап, ижарага батир алып берип, ооруканага, оюн-зоок жайларга алып барып, кийим-кечесин толук алып берчү. Алар эч нерседен кем болушкан эмес. Мен анын балдарын өз балдарымдай жакшы көрчүмүн. Даталуу күндөрү чогуу майрамдачубуз”, — дейт Ясмина.
Эске сала кетсек, 27-августтун кечинде Милициянын патрулдук кызматынын кызматкери жол эрежесин бузган Чыңгыз Абдыраевди кызматтык куралы менен жүрөк тушуна аткан. Ал ошол жерден жан берген. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси борбордук мечитинин жанында болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу менен жол тескөөчүнүн ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Бир нече мүнөттөн кийин милиционер кызматтык куралын алып чыгып, Абдыраевге ок чыгарган.
Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатат. Кызматкер киши өлтүрүүгө айыпталууда. Ушул эле окуяга байланыштуу Бишкек ШИИБде иштеп жаткан командирдин орун басары А.Н., Бишкек ШИИББнин Милициянын патрулдук кызматы полкунун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланган деген жүйөө менен кармалышкан.