Эртең, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында аскердик жана жарандык парад өтөт. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, параддын башталышы саат 09:55ке белгиленген.
Белгилүү болгондой, парад болжол менен 25 мүнөткө созулат. Андан кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кеченин салтанаттуу бөлүгү болот.
Эртең күндүзү Ала-Тоо аянтында жарандар эркин эс ала алышат. Бирок, кечкурун салтанаттуу концерт болот. Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо фейерверк менен аяктайт.