7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров 50дөн ашуун элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

524

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.  Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент суверендүүлүк жана демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эгемендик мезгил ичиндеги жетишкендиктерин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан 165 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 124 эл аралык уюмдун мүчөсү.

Мындан сырткары, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстан үчүн жаратылышты коргоо, мөңгүлөрүн, токойлорун, өзөн-сууларын сактап калуу азыркы мезгилдеги эң приоритеттүү багыттардын бири. Ошондуктан жашыл экономиканы өнүктүрүү, аны күндөлүк турмушта колдонуу – мезгилдин талабы экенине токтолду.
«Жашыл экономиканы өнүктүрүү, аны күндөлүк турмушта колдонуу – мезгилдин талабы. Ушуга байланыштуу Нарын дарыясынын нугунда Камбар –Ата 1 ГЭСин, орто жана кичи ГЭСтерди куруу жана ишке киргизүү долбоорлору менен бирге жашыл инвестициялык фондду түзүү кыргыз өкмөтү үчүн жакынкы 1-2 жылдын аралыгындагы негизги иши болушу керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселесине да токтолуп, бул багытта кардиналдуу экономикалык, фискалдык, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча реформаларды ишке ашыруу башталганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525