7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IV Элдик курултайга жалпы 700 делегат катышууда

239

Бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултайга жалпы 700 делегат катышууда. Бул тууралуу Элдик курултайдын катчылыгынын башчысы Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, курултай жөнүндөгү мыйзамга ылайык 39 делегат алмаштырылып, алардын орду резервдеги делегаттар менен толукталган.

Делегаттардын курамы төмөнкүдөй:

— Аялдар— 146

— Эркектер— 554

— Жогорку билимдүү делегаттар — 450

— Орто билимдүү делегаттар — 237

— Илимий даражасы бар делегаттар — 13.

Кесиптер боюнча:

— Педагогдор — 160

— Юристтер — 73

— Айыл чарба адистери — 54

— Экономисттер — 51

— Медицина кызматкерлери — 26

— Бухгалтерлер — 26

Жаш курагы боюнча:

— 21–40 жаш — 125 делегат

— 40–60 жаш — 264 делегат

— 60–80 жаш — 305 делегат

— 80–90 жаш — 6 делегат.

Мындан сырткары, курултайга 68 делегат Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү катары катышууда.

240