2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-майда Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.
Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылы тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.
Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскерүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.