7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чуулгандуу шайлоо: Дагы бир талапкер добуш сатып алууга шектелүүдө

685

Бишкектин Ленин округунан шайлоодо добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Комитеттин маалыматына ылайык, кылмыш иши шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, эки шектүү кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686