2022-жылы өлкөдөгү Эл каттоо Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 634 миң бала бар экенин көрсөткөн.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, алардын 51 пайызы уул балдар.
7 жашка чейинкилер — 1 миллион 128 миң; 7-14 жаш — 1 миллион 161 миң; 15-17 жаш — 343 миң. Ал эми, 1 миллион 448 миң бала орто мектептерде билим алат.