Ысык-Көл облусу боюнча дүкөндөрдө желим баштык колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, тургундар чүпүрөк баштыктарды колдонууга өтүп, чоң дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилүүдө.
«Чолпон-Атада чакан дүкөнгө кирип соода кылсам, баштык берген жок. Көрсө, облус боюнча желим баштыктарды колдонууга тыюу салыптыр. Ар ким мурдагыдай чүпүрөк баштыктарды тигип алып пайдаланышат, чоң дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилет экен», — деп жазды ал.